БАРАР ЖЕР, БАСАР ТООСУ ЖОК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Үмүт кылар, бел байлар, ишенер эч нерсе жок. Канчалык ойлонсом да жолум туюк... Барар жер, басар тоом жок, менин көзүмө эч нерсе көрүнбөйт (Жантөшев). -Кагылайын Батийна, өзүм алсыз экем, барар жер, басар тоо жок, айлам кетип турат, маа капа болбо, садага? (Сыдыкбеков).